Бакай-Ата айылындагы бала бакчанын бөбөктөрү Улуу Жеңишти даңазалашты

Бакай-Ата айылындагы бала бакчанын бөбөктөрү Улуу Жеңишти даңазалашты

Билим АКИpress - Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы «Мээрим» бала бакчасынын орус тилдүү мектепке даярдоо тайпасынын тарбиялануучуларынын катышуусунда майрамдык кече болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чарага ардагерлер, Ооган согушунун катышуучулары, айыл тургундары, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана бала бакчалардын жетекчилери, ата-энелер катышты.

Тайпа орус тилдүү болгондуктан, иш-чара орус тилинде болду. Алгач обондуу ырлар аткарылып, тынчтыкка чакырган «Катюша» ыры бий менен коштолду. Ошондой эле «Пусть всегда будет солнце» ыры жаңырды. Андан соң ар бир бала көркөм ыр айтып, сценка аткарып беришти. Кеченин аягында ар бир келген конокторго өз колдору менен жасалган белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up