Кемин районунун эң мыкты мугалими аныкталды

Кемин районунун эң мыкты мугалими аныкталды

Билим АКИpress - Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ак-Бекет айылындагы М.Ч.Кашаганов атындагы орто мектебинде 4-майда «Жыл мугалими-2018» райондук кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынакка аймактык сынактын жеңүүчүлөрү катышты.
Алар: С.Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мектебинин география мугалими Исмаилов Таалай Муслимович, М.Тарыхбаев атындагы Жол-Булак орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Абласова Бермет Айтбековна, Ак-Тилек орто мектебинин география мугалими Бакыт уулу Руслан, О.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин биология мугалими Барыктабасова Толгонай Барыктабасовна.

Сынактын жүрүшүндө мугалимдер өзүн өзү тааныштыруу, тест, «Мугалим — коомдун күзгүсү» аттуу эссе жана иновациялык сабакты (сабактын фрагменти) көрсөтүп беришти.

Жыйынтыгында 1-орунду С.Кудайбергенов атындагы Карал-Добо орто мектебинин география мугалими Исмаилов Таалай Муслимович багындырды. Ал эми 2-орунду Ак-Тилек орто мектебинин география мугалими Бакыт уулу Руслан жана 3-орунду О.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин биология мугалими Барыктабасова Толгонай Барыктабасовна ээледи.

1-орунга ээ болгон мугалим Исмаилов Таалай Муслимовичке Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын «Билим Даңкы» төш белгиси жана 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми жалпы катышуучуларга Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле Кемин райондук билим кызматкерлер профсоюз уюму тарабынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up