Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучулары «Алиппе» майрамын белгилешти

Билим АКИpress - Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Балдар окуу жылынын башынан бери үйрөнгөн ыр-бийлерин, көркөм окуу, сценкаларды аткарып, орус, кыргыз жана англис тилдеринде көркөм окуп беришти. Салтанатка катышкан мугалимдер менен ата-энелер окуучуларга ыраазычылык билдиришти.

Аталган мектепте учурда 1-класста 158 окуучу билим алышууда. Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up