Кеминдик окуучулар арасында райондук «Зарница» аскердик-патриоттук оюну өттү (фото)

Кеминдик окуучулар арасында райондук «Зарница» аскердик-патриоттук оюну өттү (фото)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде 2018-жылдын 7-майында окуучулар арасында райондук «Зарница» аскердик-патриоттук оюну өткөрүлдү.

Иш-чара Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кемин райондук жаштар иштери бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 73 жылдыгына карата жана жаштар арасында патриоттук сезимди ойготуу.

Оюнга райондун мектептеринен 5 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Орловка айылынын №2 орто мектебинин, 2-орунду Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинин жана 3-орунду Ш.Коңурбаев атындагы Боролдой орто мектебинин командалары алышты.

Жеңүүчү командаларга кубок, медаль, грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарага Кемин районунун ички иштер, күзөт, өзгөчө кырдаалдар, аскердик комиссариат жана билим берүү бөлүмдөрү көмөк көрсөтүштү.

Оюнга жалпысынан 100дөн ашуун окуучулар катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up