Аксыдагы мектептердин окуучулары прикладдык спорттун түрү боюнча мелдешке түштү (фото)

Аксыдагы мектептердин окуучулары прикладдык спорттун түрү боюнча мелдешке түштү (фото)

Билим АКИpress - Аксы районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин спорттук аянтчасында Кербен, Жерге-Тал, Авлетим, Кош-Дөбө, Кашка-Суу аймактарындагы базалык мектептердин окуучулары арасында аскердик прикладдык спорттун түрү боюнча сынак болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — жаштарды аскерге чейин дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгып турууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарын чыңдоо, жаштарды жалпы массалык спорттук машыгууга көнүктүрүү, алардын ийкемдүүлүк, күчтүүлүк жана сергектик деңгээлдеринин жогорулашын күчөтүү, окуучулардын ден соолугун чыңдоо, спорттук чеберчилигин өркүндөтүү.

Мелдеште төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
1. Саптык даярдык;
2. Курал менен баштапкы көнүгүүлөр;
3. Күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр;
4. 100 метр аралыкка чуркоо;
5. Автоматты чачып-жыйноо;
6. Команданын курамында 1км чуркоо;
7. Алыстыкка граната ыргытуу;
8. Кечки текшерүүнү жана эрте мененки көнүгүүлөрдү уюштуруу.

Сынактын катышуучулары берилген тапшырмаларды так, эрежеси менен аткарууга аракеттеништи.
Жыйынтыгында 1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары багындырышты. Ал эми 2-орунду А.Эрматов атындагы Миң-Булак орто мектебинин окуучулары, 3-орунду А.Кабаев атындагы Авлетим орто мектебинин окуучулары ээлешти.

Жеңүүчүлөр Аксы райондук бириккен аскер комиссариатынын, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланышты. Алар май айында өтүүчү облустук сынакта райондун намысын коргомокчу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up