Кеминдик окуучулар жоокерлердин аскердик даярдыктарына күбө болушту (фото, видео)

Кеминдик окуучулар жоокерлердин аскердик даярдыктарына күбө болушту (фото, видео)

Билим АКИpress - Кемин районундагы «Нур» орто мектебинде Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата 2018-жылдын 8-майында «Эч ким, эч качан унутулбайт!» деген ураан менен эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучуларга согуш мезгилиндеги татаал кырдаалдар жана ал мезгилдин тарыхый мааниси менен тааныштыруу, ошондой эле келечек муундарды мекенчилдикке жана патриоттуулуука тарбиялоо.

Кеченин жүрүшүндө Мекен темасында көркөм окуулар аткарылып, «Согуш жана тынчтык» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү жана чакан концерттик программа уюштурулду. Ошондой эле «Нур» орто мектебинин окуучулары жана «Нур» чек ара заставасынын жоокерлери «Өчпөс полк» аттуу жүрүш жасашты. Окуучуларга үлгү катары аталган заставанын жоокерлери аскердик күжүрмөн даярдыктардан үзүндү көрсөтүштү.

Иш-чарага Нур айылындагы согуш мезгилиндеги тылдын эмгекчиси Усуппаева Карагыз жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Дүйшөбаев Жумгалбек Ражапович жана анын орун басары Курманалиева Айгүл Зарылбековна, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мурзалиева Асылкүл Кубанычбековна катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up