Жумгалда окуучулар «Биз зордук-зомбулук, рэкетчиликке жол бербейбиз!» акциясын өткөрүштү

Жумгалда окуучулар «Биз зордук-зомбулук, рэкетчиликке жол бербейбиз!» акциясын өткөрүштү

Билим АКИpress - Жумгалда окуучулар «Биз зордук-зомбулук, рэкетчиликке жол бербейбиз!» акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Акция райондук прокуратура, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү, билим берүү бөлүмү жана ички иштер бөлүмүнүн жаштар менен иштөө инспекторлору тарабынан уюштурулган.

Анда Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинде «Биз жаш өспүпүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукка, зордук-зомбулук, рэкетчиликикке жол бербейбиз!» аталышта кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча практикалык иштер көрсөтүлдү.

Ошондой эле мектептин президенти, парламенти тарабынан мектеп мыйзамы кабыл алынган. Ал мыйзамдар жалаң жаштардын кылмыштуулугун алдын алууга багытталып даярдалган. Ар бир окуучу өз жүрүм-турумун көзөмөлдөп, парламентте отчет беришет. Андан сырткары, мыйзам ченем тартибинде окуучулар көзөмөлгө алынат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up