Ысык-Атадагы Я.Ваккер мектебинин окуучулары менен мугалимдери карылар үйүнө концерт коюшту (видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Серафимовка карылар үйүнө Я.Ваккер атындагы орто мектебинин мугалимдери менен окуучулары концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

«Биздин эмгек жамаат менен окуучулар буга чейин аталган карылар үйүнүн от жаккан мешин оӊдотуп бергенбиз. Эми болсо 10-класстын окуучулары мугалимдери менен чогуу концерттик программа тартуулашты. Мындан сырткары, нан, таттууларды алып барып, карыларга майрамдык кече уюштуруп келишти», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up