Кочкордогу «Ата» бала бакчасынын тарбиянуучулары Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилеп, эстеликке гүл коюшту (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Саз айылындагы «Ата» балдар бакчасынын тарбиянуучулары Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилешти. Бул тууралуу аталган бала бакчанын директору Айгүл Абдрахманова билдирди.

Анын айтымында, бала бакчада тарбияланган бөбөктөр Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюп, аскердик ырларды аткарышты. Бөбөктөргө тарбиячылар Улуу Ата Мекендик согуш жана анын кесепеттери жөнүндө айтып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up