Нарында чыгармачыл окуучулар арасында райондук сынак өттү (фото)

Нарында чыгармачыл окуучулар арасында райондук сынак өттү (фото)

Билим АКИpress - Кечээ, 8-май күнү Нарын шаарындагы жаштар ордосунда КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан кароо-сынак болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — чыгармачыл жаштарга колдоо көрсөтүү, таланттуу жаштарды шыктандыруу жана жаштарды мекенчилдикке үндөө.

Сынак Аймактарды өнүктүү жылына карата Нарын облусундагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп, ага Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун 9-класстан жогорку окуучулары катышты.

Сынак 3 бөлүктөн туруп, төмөнкүдөй тапшырмаларды камтыды:
1. Сахналаштырган көрүнүшөр:
- мектеп окуучулары арасындагы терс көрүнүштөрдү чагылдыруу жана аны чечүү жолу;
- эмгек мигранттардын балдарынын мектептеги начар абалын жана аны чечүү жолдорун чагылдыруу;

2. Өзү чыгарган ырлардан көркөм окуп берүү;

3. Сүрөт сынагы: өзү жашаган аймактын өзгөчөлүгүн, кооз жаратылышын жана тарыхый жайларды чагылдыруу.

Жыйытыгында калыстар тобу чечим чыгарып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up