КТМУда IX Эл аралык Ишкердүүлүк Конгресси ѳтѳт

КТМУда IX Эл аралык Ишкердүүлүк Конгресси ѳтѳт

Билим АКИpress - 2018-жылдын 10-12-майында саат 10:00дө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жал кичи районунда жайгашкан Ч.Айтматов кампусунун К.Тыныстанов атындагы жыйындар залнда IX Эл аралык Ишкердүүлүк Конгресси ѳтѳт.

Аталган конгресс «Манас» университети, Түркиянын Балыкесир жана Маниса Желал Баяр университеттери менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Эл аралык Ишкердүүлүк Конгресстер сериясынын негизги максаты – экономика тармагында өнүгүп келе жаткан ишкердүүлүккө түрткү берүү, ишкердүүлүктүн маанисине көңүл буруу жана анын орчундуу маселелерин талдоо, ишкердүүлүк жана илим чөйрөсүнүн карым-катнашын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүү жана түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы экономикалык интеграцияга салым кошуу.

Иш-чара илимпоз жана изилдөөчүлөр менен ишкерлердин жолугушуусуна мүмкүнчүлүктөрдү жана ишкердүүлүк маселелери боюнча конструктивдүү дискуссияларды өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү максатында уюштурулуп жатат.

Конгресске Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынан жана жергиликтүү жана Түркиялык ар кандай мамлекеттик жана жеке секторлордун өкүлдөрү катышмакчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up