Ат-башылык окуучулар республикалык турнирде 1-орунду багындырышты (фото)

Ат-башылык окуучулар республикалык турнирде 1-орунду багындырышты (фото)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 3-6-май күндөрү согуш ардагерлеринин жаркын элесине арналган спорттун ушу-саньда түрү боюнча республикалык деңгээлде турнир өткөрүлдү.

Иш-чара буга чейин Ош, Чүй, Баткен облустарында өткөрүлүп келген. Мелдешке 7 дубандан келген спортчу эр-азаматтар катышып, байгелүү оорундарга ээ болушту. Турнирди өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан машыктыруучу Сулайманкулов Турат, Асанакунов Болот жана айыл жаштары болду. Жалпысынан спортчулардын саны 144 болуп, 7 областтан 12 команда катышты.

Жыйынтыгында Ак-Муз айылынын жаштар командасы 1-орунду багындырып, 6 алтын, 9 күмүш, 8 коло медалдарды жана кубок жеңип алышты. Ал эми 2-орунду Чүй облусунан барган «Шопоков» командасы ээлеп, 5 алтын, 7 күмүш, 10 коло медалдар, грамоталар жана кубок менен сыйланышты. 3-орунду Ош болусунан барган «Кушат» командасы алып, 4 алтын, 6 күмүш, 9 коло медалдарды, грамоталарды жана кубок менен сыйланышты.

Келген спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына айылдагы согуш ардагерлеринин уулдары, мекемелер (орукана, бала бакча, мектеп) сый көргөзүп, 3 боз үй тигишип, 1 жылкы жана 5 майда мал союшуп, меймандостугун көргөзүштү.

Таймаш Боогачы орто мектебинин спорт залында өткөрүлүп, жасалгаланган. Иш-чарага жалпысынан 500 миң сом өлчөмдө каражат сарпталып, ар тараптан колдоолор болгон. Медалга кеткен каражат 50 миң сомдун тегерегинде болуп, жарым акчасын айыл өкмөтү, ал эми жарымын Нарын облусунун спорт комитети каржылаган. Айылдын патриот жаштары да колдоо көрсөтүшүп, 27 кубокко Мурзаевдердин үй-бүлөсү менен Арыков Ислам, Өмүралиев Руслан жана Курманбеков Бакыт аттуу айылдын жаштары демөөрчүлүк кылышты.

Турнирдин финалдык беттеши Ат-Башынын районунун акими Субакожоев Жакыпбек, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дөөткулов Дүйшөнбек жана ошондой эле айылдан чыккан атактуу инсандар, ырчы айымдардын катышуусунда өтүп, зал толо эл болду. Мелдештин жүрүшүндө тартип катуу сакталып, коопсуздук органдары өз иштерин так аткарышты. Соңунда байгелер өз ээлерин таап, уюштуруучуларга алкыштар айтылып, иш-чара жагымдуу маанайда аяктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up