Илимдер академиясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Илимдер академиясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Билим АКИpress - Кечээ, 8-майда Кыргыз Улуттук илимдер академиясы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагер-окумуштууларын, академик Ильгиз Айтматовду жана академик Бейшен Иманакуновду куттуктады.

УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө Осмон Тогусаков ардагерлерди Улуу жеңиш күнү менен куттуктап өттү. «Биз сиздерден үлгү алалы жана аны менен кийинки муунга өзүбүз үлгү болгонго аракет кылалы. Бизге ушул күндү жана жеңиш майрамын тартуулаган сиздерге таазим. Жан аябаган, эбегейсиз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер үчүн чоң ыраазычылык», - деди ал.

Ал эми ардагер-илимпоздор куттуктоолор үчүн жогорку илимий мекеменин жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирип өтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up