Ат-Башынын Терек-Суу айылында бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү (фото)

Ат-Башынын Терек-Суу айылында бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү (фото)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү.
Салтанатка Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Жакыпбек Субагожоев, Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Стамакунов жана айыл тургундары катышты.

Ж.Ибраева сөз кезегинде Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мамлекеттин гана жардамын күтүп отурбастан, жеке тараптардын кичи мекенине салым кошуу демилгесин көтөрүп, жыл башында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тарабынан нарындык ири жана орто бизнес тармагында иш алып барган ишкерлер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөргөнүн айтты. Ошондой эле ишкерлер демилгени колдоого алып, жыл ичинде оорукана, бала бакча курууга, парктарды уюштурууга, ишкана ачып, жумушчу орундарын түзүүгө жана башка жумуштарды аткарууга колдоо көрсөтүүнү убадалашканын маалымдады.

Демилге жер-жерлерде улантылып, айыл жергесинин инфратүзүмүн жакшыртуу максатында учурда акимдер, айыл өкмөт башчылары жергиликтүү эл менен биргеликте социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгиленди. Терек-суулуктардын эли да балдардын билим жана тарбия алуусуна шарт түзүп берүү үчүн бала бакча салып жатканына ыраазычылык билдирди Ж.Ибраева.

Андан соң айыл аксакалдары батасын берип, иш-чара бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи менен жыйынтыкталды.

«Терек-Суу таңы» бала бакчасынын өзүнчө имараты болбогондуктан, айылдагы мектептин бир башында жайгашып, иш алып барат. Учурда айылда 430 түтүн калк жашайт. Мектеп жашына чейинки балдардын саны – 345.

Айыл тургундары тарабынан 100 орундук бала бакча куруу үчүн өткөрүлгөн марафондо 4 миллион сомдон ашык акча каражаты чогулган. Анын 2 млн сомун ушул айылдан чыккан ишкер Байболот Айтиметов кошуп, курулуш иштерин бүткөрүү жоопкерчилигин өзүнө алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up