Кеңеш айылынын окуучулары согуш ардагери менен жолугушту (фото)

Кеңеш айылынын окуучулары согуш ардагери менен жолугушту (фото)

Билим АКИpress - Нарын районунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектебинин окуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Усубалиев менен жолугушту.

Жолугушуунун башталышында Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигине арналган кинотасма көрсөтүлдү. Андан соң тарых мугалими согуштун чыгуу себептери, андагы элдин биримдигинин астында фашисттик Германиянын ырайымсыз иши, жоокерлердин көрсөткөн эрдиги жөнүндө айтып өттү.

Ардагерге сөз берилип, ал согуш мезгилинде көргөн оор күндөрү жөнүндө айтып берди. Асек ата мындай мүшкүл иш адам баласынын башына такыр түшпөсүн деп оор үшкүрүнүп алды. Согуштун кесепетинен жанындагы жолдошторунан ажырап, өзү да жарадар болуп, айыгып чыкканын айтып, өткөн күндөрүн эске салды. Ал согуштан 1950-жылы кайткан. Себеби жеңиштен кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө кызмат өтөп, өз салымын кошкон.

Жолугушууда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, жооп алышты. Жолугушуунун аягында чакан белектер берилип, окуучулар чакан программадагы концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up