Боо-Терек айылындагы эки мектептин 100 окуучусу жөө жүрүшкө чыгышып, концерт коюшту

Билим АКИpress - Таластагы Боо-Терек айылынын Б.Сатыбеков жана Д.Дүйшөбаев атындагы орто мектептеринин окуучулары Улуу жеңиштин 73 жылдыгына карата 8-май күнү жөө жүрүшкө чыгышып, концерт коюшту.

Уюштуруучулардын айтымдарында, айылдагы 2 мектептен 50дөн окуучулар чогулуп, жалпы 100 окуучу кан күйгөн согуштан кайтпай калган аталардын сүрөттөрүн колго алып, жөө жүрүш жасашты.

Иш-чарага айыл ичиндеги 2 согуш ардагери жана жергиликтүү тургундар катышты. Жөө жүрүштөн соң маданият үйүнүн алдында окуучулар концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле 2 ардагерге айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлык, окуучулар тарабынан белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up