Ат-Башыда мектептер аралык сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Ат-Башыда мектептер аралык сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Жакыпбек уулу Боогачы атындагы орто мектебинде 8-май күнү Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата аскерге чейинки даярдык сабагынан берген Жумаканов Жыргалбек агайдын жетектөөсү менен семнар өткөрүлдү.

Иш-чарага 4-класстан 11-класска чейинки класстардын окуучулары активдүү катышты. Алгач мектептин алдындагы согуш ардагерлеринин жаркын элесине арналган эстеликке гүлчамбар коюлуп, семинардын жүрүшү уланды. Жеңиш күнүнө арналган ыр-бийлер жана ошол убактагы кыйынчылыктар, кандуу кагылышуулар тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Улуттук «Кызыл Ай» коому тарабынан иш-чара уюштурулду. Ага Ат-Башы районунун Мамбеталиев мектеби, Ак-Моюн айылынын Койчуманов мектеби, Бирлик айылынын Мырзакматов мектеби, Ача-Кайынды айылынын «Ой-Терскен» мектеби жана Боогачы орто мектебинин окуучулары менен мугалимдеринен түзүлгөн командалар катышты.

Таймаштын жүрүшү кызуу болуп, жабырлануучуларга алгачкы жардам көрүнүштөрү чагылдырылды. Жыйынтыгында 1-орунду Боогачы атындагы мектеби, 2-орунду Койчуманов атындагы мектеби, ал эми 3-орунду Мамбеталиев атындагы мектебинен келген командалар камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up