Өзгөндүн акими мектептин курулушу менен бир да жолу таанышкан эмес деген маалыматтын канчалык чындыгы бар?

Өзгөндүн акими мектептин курулушу менен бир да жолу таанышкан эмес деген маалыматтын канчалык чындыгы бар?

Билим АКИpress - Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы «Кысык-Алма» орто мектебинин курулушу 3 жыл мурун башталып, учурда дубалы гана тургузулган. Жогорку Кенештин депутаты Аида Касымалиева аталган мектептин курулушу менен район акими Олжобай Осмоналиев бир да жолу барып таанышпаганын айтып, ордун кароону депутаттарга сунуштаган.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Кутманали Эралиев, аким аталган мектепке тез-тез келип турарын айтты. «Бул мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Жалпы сметалык баасы 32 млн сом. Биринчи мектептин курулушуна 7 млн 600 миң, быйыл 1 млн сом бөлүндү. Район акими тез-тез келип кабар алып турат. Мектептин курулушунан кабары бар. Аталган мектептин окуучулары учурда кошумча имаратында 3 кезмет менен окуп жатышат», - деди К. Эралиев.

Буга чейин, 2015-жылы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн мурунку айыл өкмөтү Сооронбай Пайызов, мектептин авариялык абалда экенин айткан. «Буга чейин аталган айылда 300гө жакын окуучу эски кампанын имаратында билим алып келет. Кампанын имараты да эски болгондуктан, арткы дубалдары кулап калган. Андан кийин окуучуларды жеке турак жайларга 2-3 кезметке бөлүп окута баштадык. Жеке турак жайларга батпаган окуучулар эски кампанын бир бөлүгүндө билим алышууда. Учурда жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат, 120 орундуу мектеп салынат», - деп билдирген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up