Аксы районунда учурда 6 согуш ардагери бар

Билим АКИpress - Аксы районунун Кербен шаарында Улуу Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага шаардагы билим берүү мекемелери активдүү катышты.

Алгач «Өлбөс полктун» жүрүшү уюштурулуп, борбордук көчөлөр аркылуу Баатырлар эстелигине бет алышты. Эскерүү митинги өтүп, райондун акими М.Мырзамамытов Жениш күнү менен куттуктады. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди.

Учурда райондо 6 согуш ардагери бар. Алар үчүн сый тамак уюштурулуп, президенттин резервдик фондунан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага шаардагы билим берүү мекемелери активдүү катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up