Нарындагы облустук сынакта 2 мектептин окуучулары жеңүүчү аталышты (фото)

Нарындагы облустук сынакта 2 мектептин окуучулары жеңүүчү аталышты (фото)

Билим АКИpress - Нарын областтык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан 8-май күнү Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мектеп окуучулары арасында облустук кароо-сынак өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — чыгармачыл жаштарга колдоо көрсөтүү, таланттуу жаштарды шыктандыруу жана аларды мекенчилдикке үндөө.

Сынакта окуучулар «Мыкты сценка», «Мыкты сүрөт», «Өзү чыгарган ыр» номинациялары боюнча ат салышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Нарын районундагы К.Абиров атындагы орто мектеби менен Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин окуучулары багындырышты. Ал эми 2-орунду Кочкор районундагы М.Жүндүбаева атындагы орто мектептин окуучулары жана 3-орунду Жумгал районунун окуучулары алышты.

Бул кароо-сынакта окуучулар арасындагы терс көрүнүштөрдү чечүү, көйгөйлүү эмгек мигранттарынын балдарынын тагдыры, зордук-зомбулук маселелери чагылдырылып, аларды чечүү жолдору каралды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up