Сүлүктүдөгү И.Раззаков мектебинин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү мектептин дааратканасын оңдоп беришүүдө

Сүлүктүдөгү И.Раззаков мектебинин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү мектептин дааратканасын оңдоп беришүүдө

Билим АКИpress - Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебинин 2008-жылдагы бүтүрүүчүлөрү алгылыктуу демилге баштап, мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мектептин дааратканасын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин кызуу жүргүзүп жатышат.

«Даараткана 1984-жылдан бери роңдоп-түзөөдөн өтө элек болгондуктан, шыбактары көчүп, начар абалга келип калган. Мектептин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү келип, биздин мектептин дааратканасын заманбап кылып куруп берели деп, сунуш киргизип, ишти баштады. Учурда полуна кафель төшөлүп бүттү, 25-майга чейин толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктайт», - дейт аталган мектептин чарба бөлүмүнүн башчысы Бегмат уулу Батыр.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up