Кара-Сууда мугалимдерге окутуунун жаңы ыкмасы үйрөтүлүүдө

Билим АКИpress - Бүгүн, 11-май күнү Кара-Суу шаарындагы №76 Бабур орто мектебинде Кара-Суу району боюнча мектеп директорлорунун окуу иштери боюнча орун басарларына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жаңы окутуу ыкмасы үйрөтүлүүдө.

№76 Бабур мектебинин директору Шахноза Тургунованын сөзүнө караганда, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан райондогу мугалимдер жаңы окутуу усулу боюнча окутулууда.

Иш-чаранын алкагында мугалимдерге жаңы окутуу ыкмасы боюнча окуу үчүн ачык сабактар өтүлүп, өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам», «Таза коом» программалары боюнча да маалыматтар берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up