Ошто «Жыл мугалими-2018» сынагынын облустук туру өтүүдө

Билим АКИpress - Ошто Билим берүү институтунун уюштуруусу менен «Жыл мугалими-2018» сынагынын облустук туру өтүүдө. Бул тууралуу аталган институттун инновациялык процесстерди уюштуруу кабинетинин башчысы Абдылдаев Кенжебек билдирди.

Бүгүн, 11-май күнү облустун райондорунан тандалып алынган мугалимдер өздөрүнүн сабак өтүү чеберчиликтери, билим деңгээлдери, акыл дареметтери аркылуу күч сынап жатышат. Сынакка жалпысынан 9 мугалим катышууда.

Сабактын жыйынтыгы менен 12-май күнү өтүүчү финалдык турга 5 мугалим тандалып, алар сахналык негизде күч сынашат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up