Кадамжайдагы №72 кесиптик лицейинде Ачык эшиктер күнү өттү (фото)

Кадамжайдагы №72 кесиптик лицейинде Ачык эшиктер күнү өттү (фото)

Билим АКИpress - Кадамжайдын алыскы Совет айылындагы №72 кесиптик лицейинде бүтүрүүчүлөр тарабынан Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Совет айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Бүгүн, 11-майда иш-чарада бүтүрүүчүлөрдүн кандай кесипке ээ болгону боюнча маалыматтар айтылып, концерттик программа уюштурулду. №72 кесиптик лицей 1974-жылы ачылган. Бүгүнкү күнгѳ чейин 10 миңден ашык улан-кыздарга кесип үйрөткөн. Азыркы учурда 155 окуучу электр газы менен ширетүүчү, «С» категориясындагы айдоочу, тигүүчү, «повар-кондитер» кесиптерине ээ болууда.

Окуу жайда өнѳрканалар жана инвентарлар бар. Андан сырткары, ширетүүчү, тигүүчү, токарь устаканалары, 120 орундуу ашкана, китепканасы жана эс алуучу жайлары бар. Стипендия 200 сомдон 300 сомго чейин берилет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up