Оштогу «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» облустук сынагында Ноокаттын окуучулары жеңүүчү болушту

Билим АКИpress - Ошто «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» облустук кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун бөлүм башчысы Исакова Батма маалымдады.

Сынакта Ноокат районунан келген «Үч жарык» командасы 1-орунду алып, республикалык турга катышууга жолдомо алышты. 2-орунга Кара-Суу районунун командасы, ал эми 3-орунга Кара-Кулжа районунун командасы татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөргө Ош облусук балдардын чыгармачылык борбору менен Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан баалуу белектер, кубок жана дипломдор тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up