Ошто эл аралык жаш ойлоп табуучулар сынагы өтүүдө

Ошто эл аралык жаш ойлоп табуучулар сынагы өтүүдө

Билим АКИpress - Ош шаарында Билим берүү жана илим министрлиги, балдардын республикалык «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясы, КРнын Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу эл аралык жаштар сынагы өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Аталган сынакка республиканын бардык аймактарынан жаш ойлоп табуучулар, жогорку окуу жайлардын: Ош технологиялык университети, И.Раззаков атындагы КМТУ, Б.Ельцин атындагы КОСУ, Н.Исанов атындагы КМКТАУ, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ОшМУ, ЖАМУнун студенттери жана Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Белоруссия, Россиядан (Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан) окуучулар катышууда.

Кыргызстанда бул жылы сынак 21-жолу уюштурулуп, бул жолкусу Ош шаарында өткөрүлүп жатат.

2018-жылдын 15-май күнү сынактын расмий ачылыш аземи өтөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up