Сүлүктүлүк 6-класстын окуучусу гүлдөргө жакшы-жаман сөздөрдү айтып, эксперимент жасады (фото)

Сүлүктүлүк 6-класстын окуучусу гүлдөргө жакшы-жаман сөздөрдү айтып, эксперимент жасады (фото)

Билим АКИpress - Сүлүктүдөгү №9 гимназиянын 6-классынын окуучусу Мунара Жапарова биология сабагынан алган билимин өз алдынча сынап көрүү максатында үйдө өсүмдүктүн өсүүсүнө түзүлгөн шарт боюнча тажрыйба жүргүздү.

«Өсүмдүктүн өсүүсү үчүн физикалык факторлордон башка жылуу сөз да керек», деп айткан мугалимим Бакытбек Сапаркулов. Мени анын сөзү кызыктырып, үйдө тажрыйба жүргүздүм. Алгач, бир эле гүлдүн эки окшош генеративдик сабагын кесип алып, бирдей көлөмдөгү сууга салып, эки бөлмөгө коюп өстүрө баштадым. Бирөөсүнө жакшы, маанайды көтөрүүчү сөздөрдү айтып мактасам, экинчисине жаман, маанайды түшүрүүчү сөздөрдү айтып жемелеп жүрдүм. Бир айдан кийин жакшы сөз укканы (сүрөттө оң колдо) жакшы өсүп, жаман сөз укканы (сүрөттө сол колдо) жакшы өспөй калганы таң калтырды. Кызыгуум мындан да артып, тажрыйбамды агайымдын көзөмөлү менен илимий негизде улантайын деп жатам. Анткени сөздүн маанисине таасир эткен өсүмдүкпү же суубу, аныктайлы деп жатабыз», - деди Мунара Жапарова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up