Кара-Көл шаарында окуучуларга өзүн өзү куткаруу боюнча түшүнүк берилди

Билим АКИpress - 12-май күнү Кара-Көл шаарынын окуучуларына суу эрежелери (водное спасательное дело) боюнча өзүн өзү куткаруу коопсуздугу тууралуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин астындагы суучулдар кызматынын өкүлдөрү Жалал-Абад, Ош областынын район, шаарларындагы чоң сууга, көлгө жакын жайгашкан мектептердин окуучуларына суудан куткаруу эрежелери боюнча сабак өтүштү. Алар жашы жетелек өспүрүмдөргө суу эрежелеринин коопсуздугу, көлдө, шар аккан дарыялардан өзүн куткаруу, чөгүп кеткен адамды куткаруу, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмарын көрсөтүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up