Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте тарых усулдук бирикмесинин декадасы болуп өттү

Билим АКИpress - Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде Аймактарды өнүктүрүү жылына карата тарых усулдук бирикмесинин декадасы болуп өттү.

Декаданын алкагында предмет боюнча ачык сабактар, тарбиялык сааттар, ар кандай кароо-сынактар өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — окуучуларды тарых сабагына кызыктыруу, патриоттуулукка тарбиялоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар «Тарых — ата-баба мурасы», «Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары», «Байыркыга саякат» жана башка темадагы класстан тышкаркы иштерге активдүү катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up