Ак-Бекет орто мектебинин окуучулары облустук сынакта 1-орунду алып, «Мыкты агитбригада» болду

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу М.Ч.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинин окуучулары 2018-жылдын 11-майында облустук «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» кароо-сынагында 1-орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөргө Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынынын Ардак грамотасы, Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн диплому жана плазмалык сыналгы тапшырылды. Ошондой эле «Мыкты агитбригада» наамы ыйгарылды.

Облустук сынакка Чүй облусунун бардык райондорунан командалар катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up