Ат-башылык 2 окуучу облустук мелдеште жеңүүчү болушту

Ат-башылык 2 окуучу облустук мелдеште жеңүүчү болушту

Билим АКИpress - Нарын шаарында «Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө» аттуу айылдык жаштар арасында облустук мелдеш өттү.

Мелдеште Ат-Башы районунун 2 окуучусу 1-орунду камсыз кылышты. Турганбек кызы Рая 500 метр аралыкка чуркоо боюнча алдына эч кимди чыгарбай, марага биринчи келди. Ал эми Алик кызы Нурай кыздар арасындагы кол күрөштө бардык атаандаштарын жеңип, 1-орунду камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 1-даражадагы диплому жана алдын медаль тапшырылды. Эки окуучу тең Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебинде 11-класста билим алышат. Бош убактыларында алар спорт менен машыгышат. Буга чейин да райондук, облустук мелдештерде жеңиштерди камсыздып келишкен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up