Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруунун артыкчылыктары: Балдардын ден соолугу жана туризм

Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруунун артыкчылыктары: Балдардын ден соолугу жана туризм

Билим АКИpress - Бүгүнкү күндө парламент депутаттарынын сунушу боюнча, окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 15-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде айтты.

«Биздин жаратылыш шарттарыбызды эске алуу менен окуу жылынын башталышын которуу сунушу балдардын ден соолугуна да пайдалуу. Алар жылуу мезгилди толук кандуу эс алуу үчүн натыйжалуу пайдалана алышат. Ошондой эле окуу процессинин башталышын которуу туризмди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин берет. Эгерде окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылдырылса, тийиштүү түрдө, окуу жылы 31-майга дейре узартылат. Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем», – деди министр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up