Нарын шаарынын мугалимдери мэрдин кубогун жеңип алышты

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жана Нарын шаарынын мэринин кубогу үчүн мекеме-ишканалар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Анда Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн курама командасы кыз-келиндер арасында 1-орунду ээлеп, мэрдин кубогун жеңип алды.

Мелдеште 10 команда ат салышып, командалардын оюнчулары кызыктуу оюн көрсөтүштү. Нарын шаарынын мугалимдери бардык атаандаштарын жеңип, мелдештин баш байгесине ээ болушту. Аларга Нарын шаарынын мэринин кубогу, 1-даражадагы диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up