Мугалимдердин эмгек акысы 2 жолу жогорулагандан кийин кайрадан төмөндөп кетти

Мугалимдердин эмгек акысы 2 жолу жогорулагандан кийин кайрадан төмөндөп кетти

Билим АКИpress - Кыргызстандагы мугалимдердин эмгек акысы 2 жолу жогорулагандан кийин кайрадан төмөндөп кетти. Бул тууралуу мугалимдерге шилтеме берүү менен «Булан институту» бейөкмөт уюмунун баяндамасында айтылат. Баяндама «Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана статусу» деген темада 2018-жылдын 15-майында чыккан.

Баяндаманы даярдоого институттун 4 кызматкери, 12 журналист жана 3 эксперт-консультант катышып, 4 айга чукул убакыт аралыгында даярдалган. Алар республикабыздын ар бир дубанындагы мектеп мугалимдери менен маектешип, баарына социалдык абалы жана эмгек акысы тууралуу суроо узаткан.

«Кабинеттик изилдөө учурунда мыйзамдык нормаларды жана токтомдорду анализдеп чыктык. Андан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинен, Финансы министрлигинен, облустук жана райондук билим берүү башкармалыктарынан суроолорубузга расмий жоопторду алдык. Баяндамада мектеп мугалимдеринин жана облустук, райондук билим берүү башкармалыктарынын берген маалыматтары камтылган», - деди аталган уюмдун директору Чолпон Орозобекова.

Кыргыз өкмөтү 2011-жылдан бери мектеп мугалимдеринин айлыгын эки жолу жогорулаткан:

- 2011-жылдын 19-январында КР өкмөтү билим берүү боюнча «Айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө» №18 токтомун кабыл алган.

- 2015-жылдын 9-июлунда жана 11-сентябрында КР өкмөтү «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №473 жана №628 токтомдорду кабыл алган.

2015-жылы май айында кыргыз өкмөтү №437 токтомдун негизинде мектеп мугалимдеринин айлыгын дагы бир ирет көтөрдү. Тагыраак айтканда, орто профессионалдык билими бар мугалимдерге саатына 60 сом, бакалавр диплому барларга саатына 67,5 сом, магистр диплому бар мугалимдерге саатына 75 сом, ал эми башталгыч класстарга сабак берген мугалимдерге саатына 81 сомдон төлөнөт.
Учурда мугалимдер так ушул эсеп менен эмгек акысын алып жатышат. Ошондо айлыгынын негизги бөлүгү өткөн сабактарынын саатына жараша болот. Андан сырткары, стажына, сабакка даярданууга, класс жетекчиликке, дептер текшерүүгө ж.б. кошумча төлөмдөр кошулат.

Финансы министрлигинин Булан институтуна билдиргенине караганда, республикалык бюджеттин мугалимдердин эмгек акы фондуна чыгымдалган каражаты 2017-жылы 14441,6 млн. сомду түзгөн. Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаковдун айтымында, бул сумма беш жыл мурдагыга салыштырмалуу 3,7 эсеге көп. Бирок эмне үчүн республикалык бюджеттен мугалимдердин эмгек акы фондуна 3,7 эсе көп каражат жумшалып жатса, иш жүзүндө мугалимдер колуна ошончо айлык алган жок?

Булан институтуна маек берген көпчүлүк мугалимдер айлык жогорулап,бирок кайра эки ай ичинде кескин азайып калганын, айлыктын өлчөмүндө анча өзгөрүү жоктугун баса белгилешти. Биринчиден, айлыкты мугалимдин өткөн сааты боюнча эсептөө концепциясы киргизилгенден кийин мугалимдермурдагыдай толук ставка менен иштебей калды жана ошол эле сабактардын жүктөмү көбүрөөк мугалимге таратылды. Экинчиден, 2011-жылы мугалимдердин категориясы жоюлуп, жогорку, биринчи жана экинчи категорияга кошулуп келген акча кыркылды. Үчүнчүдөн, өкмөт майрам күндөргө туш келген сабактардын сааттарын кыркып салууда. Ошентип, көпчүлүк мугалимдер айлыктары мурдагы эле калыбына келип калганын, эч кандай жогорулоону сезбегенин айтышты. Бирок, ошол эле учурда айрым мугалимдер 2011-жылдан бери айлыктарына болжол менен үч-төрт миң сомдой кошулганын билдиришти.

Учурда кайсы мугалим салыштырмалуу көбүрөөк айлык алат? Биринчиден, бийик тоолуу аймактын коэффициенти айлыгына кошулган мугалимдер. Деңиз деңгээлинин бийиктигине жараша тоолуу райондорго кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 “Кыргыз Республикасынын тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген жарандарды
мамлекет тарабынан колдоо жөнүндө” токтомунда каралган коэффициенттерге жараша айлыктарына акча кошулат. Мисалы Жумгал районундагы мугалимдердин айлыгына тоолуу райондо жашаганы үчүн айлыгына 50% кошулат. Айрым тоолуу райондордогу мугалимдердин айлыгына 20%, 45% кошулат. Ошондуктан тоолуу аймакта жашаган мугалимдер бийик тоолуу коэффициенттин эсебинен 5-7 миң сомго көбүрөөк айлык алышат. Мисалы, Кадамжай районунда мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы эгер тоолуу райондо жашаса - 10 200 сом, ал эми тоолуу эмес райондо иштеген мугалимдердики 7 миң сомдун тегерегинде.

Булан институтунун изилдөөсү 2011-жылы киргизилген мугалимдердин эмгек акысын эсептөөнүн жаңы ыкмасы жакшы натыйжабербей жатканын көрсөттү. Мектептердеги кадр тартыштыгын кыскартканы менен аз өлчөмдөгү саат менен мугалимдерди жумушка алуу башка мугалимдердин айлыгынын кыскарышына алып келди. Республикалык бюджеттен мугалимдердин эмгек акы фондуна чыгымдалган каражаты 2017-жылы 14441,6 млн. сомду түзүп, Финансы министрлиги ишендиргендей бул сумма беш жыл мурдагыга салыштырмалуу 3,7 эсеге көп болгону менен, мугалимдердин колуна 3,7 эсе айлык тийген жок.

Айлыкты педагогикалык саат менен саноо ыкмасы айылдарда кичинекей балдары менен үйдөотурган келиндердин жана окууну сырттан окуп бүтүп алган педагогикалык билими тайкы, тажрыйбасыз мугалимдердин 6-8 сааттан сабак алып, мектепке орношуусуна шарт түздү. Бул жаңы ыкма менен мугалимдердин жалпы эмгек акы фондукөбүрөөк мугалимге чачырап төлөнүп, бир адамдын нанын бир нече адамга бөлүп берди.

Дал ушул маселени чечүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жыл башында эле атайын буйрук менен педагогикалык сааттардын босого жүктөмүн бекиткен. Бул буйрук азырынча күчүнө кире элек жана көпчүлүк мугалимдердин бул тууралуу кабары жок. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын үстүбүздөгү жылы 5-январда чыгарган бул буйругу көптөгөн мугалимдерди кайрадан жумушсуз калтырганы турат. Мугалимдердин жумалык саат жүктөмү тууралуу буйрук 2018-жылы сентябрда күчүнө кирет жана аз сааттар менен иштеген мугалимдердин иштен бошотулушуна алып келет. Бул буйрук 2018-жылы жаңы окуу жылы башталарда мугалимдер арасында нааразы лык жаратышы толук ыктымал.

«Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана статусу» баяндамасы менен бул жерден таанышууга болот: http://bulaninstitute.org/wp-content/uploads/2018/05/Report-School-Teachers-in-Kyrgyz.pdf

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up