Мугалимдер үчүн ипотекалык турак жай кыял бойдон калууда, - баяндама

Мугалимдер үчүн ипотекалык турак жай кыял бойдон калууда, - баяндама

Билим АКИpress - Мугалимдер үчүн ипотекалык турак жай кыял бойдон калууда. Бул тууралуу мугалимдерге шилтеме берүү менен «Булан институту» бейөкмөт уюмунун баяндамасында айтылат. Баяндама «Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана статусу» деген темада 2018-жылдын 15-майында чыккан.

Баяндамада Кыргызстанда соңку жылдары күч кызматкерлерине атайын үйлөр салынып, президенттин катышуусунда жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылып, ал эми мугалимдер үчүн бир да үй салынбаганы белгиленди.

2015-жылы Кыргыз өкмөтү мугалимдерге ипотекалык насыя аркылуу үй алуу шарттарын жарыялаган. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан жарандарды колдоо максатында «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы кабыл алынган. Бул программа боюнча мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде мугалимдер турак жай алыш үчүн мамлекеттик ипотекалык компания талап кылган бардык документтерди топтоого киришишкен.

«Мамлекеттик ипотекалык компанияга ипотекалык насыя алууга кайрылгандардын арасынан, эң көп билим берүү системасынын кызматкерлери кайрылган. Жалпы 4618 адам документ тапшырган», - деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин департамент башчысы Муктарбек Баймурзаев.

Учурда мугалимдер иштеген жери боюнча райондук мамлекеттик администрацияларга документ тапшырып, кээ бири кезек күтүп жатса, айрымдары төлөй албасын эчак түшүнүп, документтерин кайтарып алышты.

Мугалимдин айлыгы ипотеканы төлөгөнгө жетеби? Мисалы, бир бөлмө батир 20 миң доллардын тегерегинде болсо, банк баштапкы сумма катары ошол турак жайдын баасынын жок дегенде 10% дароо төлөп берүүнү талап кылат. Ипотекалык насыяны 3 миллион сомго чейин 15 жылга чейин алса болот.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын билдиргенине караганда, учурда ипотекалык насыялардын мамлекеттик кызматкерлер жана мугалимдер үчүн да 1 жылдык үстөк пайызы 8-10% болууда. Учурда мугалимдин айлыгы тамак-ашка өп-чап жетип жатканда, мындай насыяны көтөрө албасы айдан ачык.

2014-жылы Ош облусунан 52 мугалимге ипотекалык насыя менен турак жай берүү маселеси каралган. Ош шаардык кесиптик кошуундун жетекчиси Абдыкалык Балтабаевдин айтымында, насыянын үстөк пайызы өтө жогору болгондуктан, мугалимдин чөнтөгүнө туура келбей, кайрадан каралып чыккан. «Ошентип, насыянын үстөгү 6%га чейин түштү. Ошентсе да мугалимдердин бүгүнкү айлыгы менен ипотекалык кредит боюнча үй алганга толук кудурети жетпейт», - деди Абдыкалык Балтабаев.

Учурда үйү жок, батирден батирге көчүп, кыйналып жашаган мугалимдер жүздөп саналат. Алардын бири Халида Токоева Бишкек шаарынын №78 мектеп-гимназиясында сабак берет. Айлыгы 10 миң сомдун терегинде. «Үйүбүз жок, 4 балам менен батирде жашайбыз. Союз убагында мугалимдер турак жай менен камсыз болчу. Азыр мугалимдин акыбалы эч кимди кызыктырбайт. Мага окшоп көптөгөн мугалимдер батирде жашайт. Мугалимдин айлык акысы үй алганды койдук, күнүмдүк тамак-ашка да жетпейт. Кийинки убакта мектепти таштап, базарга барып соода кылсамбы деп көп ойлончу болдум. Балдарым чоңоюп келе жатат, жок дегенде үй салышыбыз керек да», - дейт ал.

Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматовдун билдиргенине
караганда, алардын эмгек жамаатынан 5 мугалим ипотекалык насыяга документ тапшырып, бирок шаабайы сууп, кайра келишкен. «Айына 10 миңден ашык сомду банкка төгүп турушу керек экен. Мугалимдин айлыгы менен антип ай сайын төгүп берүү мүмкүн эмес да», - деп билдирди К.Аматов.

Мугалимдердин көпчүлүгү эмне үчүн күч органдарына турак жайлар салынат, ал эми мугалимдерге антип салып берүү мүмкүн эмес деген суроону коюп жатышат.

Бишкектеги №64 гимназиянын информатика мугалими Нурзад Маймирова да бул көрүнүштү теңсиздик катары баалайт. «Кыргыз өкмөтү ИИМ, УКМК жана башка күч кызматкерлерине үй салып, ачкычтарын тапшырганын теледен көрүп жатабыз. Эмне үчүн мугалимдерге антип салып беришпейт? Жок дегенде ведомстволук бир турак жайлар болсо, менчик болбосо да, мектепте иштеген кезде жашап турсак абдан жакшы болбойт беле?!», - деди Нурзад Маймирова.

«Булан институту» Кыргыз өкмөтү чындап мугалимдерди колдоого алып, коомдогу мугалимдердин статусун жогорулатуу үчүн күч органдарына үй салып берген сыяктуу эле мугалимдер үчүн да турак жайларды салышы керектигин белгилешет. Жок дегенде шаарчаларда, район борборлордо ведомстволук жатаканалар курулбаса, мугалимдер арасында турак жай маселеси жүрөк өйүгөн чоң көйгөй бойдон калары айтылды.

«Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин социалдык абалы жана статусу» баяндамасы менен бул жерден таанышууга болот: http://bulaninstitute.org/wp-content/uploads/2018/05/Report-School-Teachers-in-Kyrgyz.pdf

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up