Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы

Окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 17-майда Билим АКИpress сайтына мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын арасында окуу жылынын баштылышын 10-сентябрга жылдыруу боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын берди. Сурамжылоо «Эл-Пикир» коомдук пикирди изилдөө жана болжолдоо борбору тарабынан жүргүзүлгөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, ата-энелердин 54%ы үчүн балдарынын эс алуу мүмкүнчүлүгүнө кошумча күндөрдүн болушу маанилүү.

Төмөндө «Эл-Пикир» жана Билим берүү министрлиги тарабынан даярдалган маалымат көрсөтүлгөн:

Аймактык тилкеде балдардын эс алуусуна кошумча күндөрдүн болушу үчүн башкалардын көп Нарын (63,7%), Ысык-Көл (63,1%), Ош (63,1%), Талас (62,9%) жана Баткен (62,2%) облустарынын жашоочулары добуш беришти.

Мугалимдердин 64,7%ы жана ата-энелердин 50,9%ы окуу жылынын башталышын 10 күнгө жылдыруу балдардын жетишкендиктерине таасир этпейт деп эсептешет. Андан тышкары, ар бир төртүнчү мугалим (25,4%) жана ата-энелердин үчтөн бир бөлүгү (37,3%) окуу жылынын башталышы жылдырылса, балдардын жетишкендиги биринчи чейректе жогорулайт деп ишенишет.

Кыргызстандыктардын коомдук аң-сезиминде мектептик окууга болгон тартылуу жана билим берүүнүн кадыр-баркы терең тамыр жайганын изилдөө көрсөттү. Сурамжылоонун алкагында чарбачылыкта жана бизнесте ата-энелерге жардам берүү үчүн балдардын мектепке барбашы мүмкүнбү деген суроолор берилген.

Ата-энелердин 84,2%ы чарбачылыкка жардам абдан керек болсо да, балдары дайыма мектепке барышы керек деп эсептешет. «Окуучулар» кластеринде бирдей жооптордун үлүшү 12 пунктка төмөнүрөөк.

Ошондой эле ата-энелердин 88,7%ы, окуучулардын 83,4%ы үй-бүлөлүк бизнеске жардам абдан керек болсо да, балдар дайыма мектепке барышы керек деп эсептешет.

Иликтөө көрсөткөндөй, «даражалуу» мектептердин мугалимдери окуу жылынын башталышын жылдырууга консервативдүү көз караш менен карашат.

Окуу жылынын башталышын жылдыруунун позитивдүү себеби катары мугалимдер менен ата-энелер башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын, экономикалык жана социалдык пайда, регионализмдин азайышын, улуттук аң-сезимдин жана патриоттуулуктун өсүшүн, окуучулардын ден соолугунун чыңдалышын, үй-бүлөнүн даражасынын көтөрүлүшүн жана кыргызстандыктардын үй-бүлөлүк эс алуусун аташты.

Негативдүү көз караштагы респонденттер көп учурда: «1-сентябрдан башка күнү окуса да болобу?», «Эгер балдарды мектеп карабаса, ким карайт?» деген суроолорду берип жатышты.

Ошондой эле ар бир үчүнчү бала сентябрь айында өздүк себептери менен сабак калтырышарын сурамжылоо көрсөтүп отурат. Алардын ичинен 68,3% — ден соолугуна байланыштуу, 15,9% — окугусу келбегендиктен.

96,3% учурда мугалимдер ата-энелерге баласы сабакка катышпагандыгы тууралуу билдиришет.

Сурамжылоого жалпы 2037 окуучу, 595 мугалимдер/директорлор/орун басарлар, өлкө боюнча 4120 ата-эне катышты.

Кырдаалды терең изилдеп чыгуу үчүн мугалимдер жана ата-энелер менен фокус группалык талкуулар, серепчилер менен терең маектешүүлөр жүргүзүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up