Өрнөк айылынын окуучусу жеңил атлектика боюнча облустук мелдеште күмүш медаль тагынды

Өрнөк айылынын окуучусу жеңил атлектика боюнча облустук мелдеште күмүш медаль тагынды

Билим АКИpress - Нарын шаарында «Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын алкагында айылдык жаштар арасында жеңил атлетика боюнча облустук мелдеш өттү.

Мелдеште 1000 метр аралыкка чуркоо боюнча Өрнөк айылындагы Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинин окуучусу Эркеайым Жолдошбекова 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Эркеайым 10-класста билим алат .Спорт менен машыкканына 5 жылдын жүзү болду. Жыл сайын райондо, облуста өткөн мелдештерге катышып, жакынкы жана алыскы аралыктарга чуркоодо ийгиликтерди жаратып келет. Мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, ар кандай иш-чаралар да ал жок өтпөйт.

Эркеайым келечекте атактуу спортчу болууну тилек кылат. Учурда май айында өтүүчү республикалык мелдешке катышууга даярдык көрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up