НМУнун студенттери «Ат-Башы» ГЭСинде саякатта болушту

НМУнун студенттери «Ат-Башы» ГЭСинде саякатта болушту

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин электро энергетика багытынын студенттери кафедранын окутуучуларынын коштоосу менен «Ат-Башы» ГЭСинде саякатта болушту. Бул тууралуу окуу жайдын проректору А.Чолпонбаев билдирди.

Экскурсия Карьера борборунун иш планына ылайык жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө ГЭСтин жооптуу кызматкерлери студенттерге ГЭСтин тарыхы, уюштуруу структурасы, бөлүмдөрдөгү кызматкерлердин аткарган функциялары, милдеттери, жоопкерчилиги, электр энергиясын өндүрүүдө керектелген бардык агрегаттарды иштетүү жолдору, коопсуздук эрежелери менен толук тааныштырып чыгышты. Ошондой эле студенттер менен тажрыйбалуу адистер ортосунда кызыктуу маек уюштурулуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

«Мындай экскурсиялар студенттерге теориялык жактан алган билимин практика жүзүндө айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, алардын окуп жаткан кесибине болгон кызыгуусун арттырат. НМУда жыл сайын мындай сапарлар бардык кесиптер боюнча мерчемделген иш планга ылайык кафедралар аркылууу юштурулуп келет», - деди проректор А.Чолпонбаев.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up