Таластагы Байсейит уулу Эшмамбет мектебинин 2 окуучусу Азия чемпиондугуна катышат

Таластагы Байсейит уулу Эшмамбет мектебинин 2 окуучусу Азия чемпиондугуна катышат

Билим АКИpress - 2018-жылдын 8-майынан 13-майына чейин Бишкек шаарында окуучулардын 66-спартакиадасынын тогуз коргоол боюнча республикалык туру болуп өттү. Ага 7 облустан жана Бишкек шаарынан жалпы 8 команда катышты.

Талас облусунан түзүлгөн курама командага Талас районунун Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин 2 окуучусу кошулган. Алар: 10-класстын окуучусу Искенова Айдана менен 7-класстын окуучусу Белек кызы Айдина.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте Талас облусу 1-орунга чыкты. Ал эми жеке эсепте Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинен барган 7-класстын окуучусу Белек кызы Айдина 1-орунду ээлеп, 14 жашында спорттун чебери даражасын толтурду. 2-орунду ошол эле мектептин 10-классынын окуучусу Искенова Айдана ээледи. Эми алар Азия чемпиондугуна катышат.

Ийгиликти багындырган окуучулардын устаты — Талас районунун Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими, тогуз коргоол боюнча спорттун чебери, облуска белгилүү болгон Чоро уулу Нурдин. Учурда ал Корея Республикасында Чолланам-до провинциясынын билим берүү башкармалыгы уюштурган информатика боюнча кыска мөөнөттүү окууда жүрөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up