Ноокатта мектептер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сынак өттү

Ноокатта мектептер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сынак өттү

Билим АКИpress - Ноокатта мектептер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сынак болуп өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Ал Т.Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашов, Кулуштан, Т.Бекиев жана К.Надиров атындагы орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары арасында «Таза Коом» программасынын алкагында уюштурулган. Иш-чаранын максаты — жаштар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, суициддин, эрте никелешүүнүн, кургак учук, СПИД ооруларынын жана мал-жандыктардан жугуучу ооруларды алдын алуу жана болтурбоо.

Иш-чарага акимдин орун басары Н.Козуев, айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаров, айылдык кеңештин төрагасы жана аппарат кызматкерлери, мектеп мугалимдери катышты.

Сынакта 4 команда болуп, бүгүнкү күндө болуп жаткан коомдогу терс көрүнүштөрдү сахна аркылуу чагылдырып беришти. Жыйынтыгында катышуучулар айыл өкмөтүнүн акчалай сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланышты. Ошондой эле аталган темаларда талкуу жүрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up