Кеминдеги мектепте Ч.Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылды (фото)

Кеминдеги мектепте Ч.Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылды (фото)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районуна караштуу А.Токомбаев атындагы Кайыңды орто мектебинде 2018-жылдын 16-майында мамлекеттик тил боюнча тажрыйба алмашуу жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук «Ааламдын алп жазуучусуна таазим» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу деңгээлде белгилөө жана анын чыгармалары аркылуу келечек муундарга туура тарбия берүү.

Кечеге окуучулар Кемин районундагы жалпы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана райондук билим берүү бңлүмүнүн жетектөөчү адиси Мурзалиева Асылкүл Кубанычбековна катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин, ошондой эле жалпы жамааттын күчү менен даярдалган адабий кече, класстан тышкаркы иш-чара келген коноктордун көңүлүн бурду. Анда таланттуу окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк», «Биринчи мугалим», «Ак кеме», «Тоолор кулаганда», «Саманчынын жолу» чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан алп жазуучуну даңазалоо максатында көркөм окуу, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы, алган сыйлыктары ж.б. боюнча слайд көрсңтүлүп, чакан программадагы концерт менен жыйынтыкталды.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up