Нарында мектеп жетекчилери менен ата-энелерге ОИИБ тарабынан жыйын өткөрүлдү

Нарында мектеп жетекчилери менен ата-энелерге  ОИИБ тарабынан жыйын өткөрүлдү

Билим АКИpress - Нарын областтык ички иштер бөлүмү 16-май күнү билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен ата-энелер комитеттерине жыйын өткөрдү.

Иш-чаранын максаты – Акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелеринде окуучулар арасында кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алуу жана көзөмөл күчөтүү.

Жыйындын жүрүшүндө өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук, жол кырсыктары жана суицид боюнча статистикалык маалыматтар берилип, аларды чечүү жолдору каралды. Ал эми ички иштер бөлүмү терс көрүнүштөрдү чечүүнүн жолдору катары өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү чагылдырган кинотасма тартып, аны окуучуларга көрсөтүү менен кылмыштуулук жана суициддин санын азайтуудабыз деп билдиришти. Иш-чаранын соңунда алар ата-энелердин жана билим берүү мекемелеринин милдеттерин күчөтүү талапка ылайык экенин баса белгилешти.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up