Таласта 500дөн ашык окуучу ата-энелери менен бирге окушту

Таласта 500дөн ашык окуучу ата-энелери менен бирге окушту

Билим АКИpress - Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата райондору жана Талас шаарында «Келгиле, бирге окүйбуз» долбоору жүрүп, ага 500дөн ашык окуучу ата-энелери менен катышты. Бул тууралуу аталган долбоордун уюштуруучуларынын бири Жылдыз Акматова билдирди.

14-май күнү Кара-Буура районундагы Акымбеков атындагы орто мектебинде,15-май күнү Бакай-Ата районундагы Чалдовар мектебинде окуучулар ата-энелери менен тайпага бөлүнүп, адабий окушту. Өз колдору менен китеп жасап, жомоктордон үзүндү аткарып беришти. Ал эми 16-май күнү Талас шаарынын мектептеринде өттү.

Жалпы 3 күндүк окууга 500дөн ашык окуучу ата-энелери менен катышты. Балдардын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн ата-энелердин да катышуусу маанилүү экени белгиленди.

Иш-чаранын максаты – окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, балдардын китеп окууга кызыктыруу жана китепти сүйүү сезимин бекемдөө, ата-энелердин манилүү ордун белгилөө.

Окуучулар ата-энелеринин жардамы менен жасаган китептерин меймандарга тартуулап, ата-энелери менен биргеликте китептерди окуп, талкуулашты. Ошондой эле түрдүү сынактарга катышып, жаккан жомокторунун негизинде сахналаштырылган оюндарды коюшту.

Мугалимдер ата-энелерге балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана үйдө окуу үчүн кошумча материалдарды тандоо боюнча алдыңкы куралдар жөнүндө маалымат беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up