Кыргыз авторлору жазган окуу китептери окуучулар үчүн абдан татаал, - окуучулардын чоң энеси

Кыргыз авторлору жазган окуу китептери окуучулар үчүн абдан татаал, - окуучулардын чоң энеси

Билим АКИpress - Кыргыз авторлору жазган мектептик окуу китептери абдан оор. Бул тууралуу 17-майда Бишкектеги тегерек столдо №67 мектеп-гимназиянын 3 окуучусунун чоң энеси Айымкан Ногойбаева билдирди.

Анын айтымында, ал мурун физика мугалими болуп эмгектенген, ошондуктан мектептик китептердин мазмунун жакшы билет. «Мисалы, өз предметим боюнча совет учурундагы которулган китептер жакшыраак. Жакында эле мен 3-класстын жаңы математика китеби менен эски совет учурундагы китепти салыштырып, эски советтик китептерде тапшырмалар, мисалдар, түшүндүрмөлөр балдар тарабынан оңой кабыл алынарын байкадым. Ал эми жаңы китептерде баары татаал», - дейт ал.

Айымкан Ногойбаева анын неберелери 3-5-7-класстарда окуп, кыргыз тилинде билим алышарын белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов чоң эненин айтканына кошулду. «Чындыгында көйгөйлөр бар. Илимий кызматкерлер же мугалимдер гана иштеп чыккан китептер бар. Менин пикирим: иштеп чыгуучулардын тобунда окумуштуулар да, мектеп мугалимдери да болушу керек. Ошондо жакшы китептер жарыкка чыгат», - деди ал.

Алмазбек Токтомамбетовдун сөзүнө караганда, Кыргызстанда китептердин 40-50 авторлору бар. «Авторлор абдан аз», - деп эсептейт Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
1
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up