Нарында университеттердин жармаңкеси өттү (фото, видео)

Нарында университеттердин жармаңкеси өттү (фото, видео)

Билим АКИpress - 17-май күнү Нарын шаарындагы «Смарт парк» гүл бакчасында «Университеттер жана жумуш мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы жармаңке өттү. Иш-чара «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында уюштурулуп, ага орто мектептердин, орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жана бардык каалоочулар катышты.

Окуучулар, студенттер жана жаштар кыймылдарынын мүчөлөрү университеттер, кесиптер тууралуу жеткиликтүү маалымат алышкан эмес, дейт уюштуруучу Дарика Амантаева. Алар ошондуктан өнүгүү жолдорун жана билим берүү мекемелери тууралуу маалыматтарды билүүсү зарыл.

Бул иш-чара 9-11-класстардын окуучуларына кесип тандоо, жогорку окуу жайлар, кесиптик лицейлер, стипендиялык программалар жана жаштар уюмдары тууралуу маалымат берүүчү аянтча болот. Жармеңкеде атайын чакырылган серепчилер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечекте ийгиликке жетүүнүн сырлары, кесипти туура тандоо, жашоого керектүү жөндөмдүүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up