Мектептердеги баалоо системасын «7» жана «10» деген бааларга которуу талкууланууда

Мектептердеги баалоо системасын «7» жана «10» деген бааларга которуу талкууланууда

Билим АКИpress - Кыргыз билим берүү академиясында мектептердеги баалоо системасын «7» жана «10» деген бааларга которууну талкуулашууда. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына 18-майда аталган академиянын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов маалымдады.

Анын айтымында, учурда жумушчулар тобу Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 5 жылдык концепциясын иштеп чыгышууда. Ушул концепциянын алкагында мектептердеги баалоонун ар кандай варианттары талкууланып жатат. Ал варианттардын бири — бул 7 упайлык система. «5 упайлык система өтө ыңгайлуу эмес. Анткени «1» деген баа коюлбайт, «2» болсо — такыр даярданып келбеген учурда коюлат. Ошондо «3», «4», «5» деген баалар эле калып жатат. Тактап айтканда, 3 шкала менен эле баалашат. Ал эми 7 же 10 упайлык шкала менен окуучунун билим деңгээли бир кыйла так аныкталат», - дейт А.Токтомамбетов.

Ал аталган маселе талкуу баскычында гана турганын белгилеп өттү. «Бирок, мен 10 упайлык шкалага өткөрүүнү каалайт элем. Анткени 5 упайлык системадан 10 упайлык шкалага которуу 7 упайлык баалоо системасына которууга караганда жеңилирээк жана ыңгайлуураак болот», - деди ал.

Алмазбек Токтомамбетовдун ою боюнча, жаңы баалоо системасына баарынан да окуучулар тез көнүп кетет. «Негизи, мугалимдер менен ата-энелер жаңы ыкмаларга кеч көнөт», - дейт ал.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президентинин сөзүнө караганда, эгер аталган баалоо системасы киргизилсе, анда коомчулукка ар бир шкаласы чечмеленип, түшүнүк берилет. «Мисалы, «1» деген баа окуучу 10% даяр экенин түшүндүрөт, «2» - маалыматты 20% билет деген сыяктуу. 5 упайлык баалоо системасында «2» деген баа окуучу материалдын дээрлик жарымын билет дегенди түшүндүрүшү керек. Ал эми бизде «2» — бул абдан жаман», - деп сөзүн жыйынтыктады А.Токтомамбетов.

Маалымдама: Мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен 10 упайлык баалоо системасына Белоруссия, Молдавия, Грузия, Армения өткөн. Украинада 12 упайлык система. АКШда 5 тамгадан турган шкала боюнча бааланат: «A», «B», «C», «D» жана «F». Россия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда 5 упайлык шкала менен баалашат.

7fc2795e9c0e6c4fd8894ce92681e469

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up