Кара-Суунун окуучулары жөө жүрүшкө чыгып, өз каражаттарына таштанды салуучу урналарды жасатышты (фото)

Билим АКИpress - Бүгүн, 18-майда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мектеп окуучулары «Таза жашоо» урааны астында жөө жүрүшкө чыгышты.

Иш-чарага аталган айыл өкмөттөгү 9 мектептен 500гө чукул окуучулар катышты. Жүрүшкө чыккан жаштар айыл өкмөттүн имаратынан 100 метр алыс аралыкта жайгашкан Омарбек Датка атындагы №24 мектебине келишти.

Жаштардын демилгеси менен алынган таштанды салуучу урналар 9 мектепке бирден таратылып, Омар Датка атындагы мектебине 2 урна орнотулду. Демилгени жаштар өздөрү көтөрүп, урналарды да өз каражаттарына жасатышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up