Куланак айылынын окуучусу республикалык сынакта «Мыкты аткаруучу» сыйлыгына татыды

Куланак айылынын окуучусу республикалык сынакта «Мыкты аткаруучу» сыйлыгына татыды

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Куланак айылынын А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Улукмырза Калдарбеков «Мыкты аткаруучу» номинациясы боюнча 2-даражадагы диплом жана 7 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Ал мындай сыйлыкка Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Э.Ибраевдин 85 жылдык мааракесине арналган «Эл акыны Эсенгул» аттуу мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн республикалык сынакта жетишти.

Улукмырза буга чейин бир катар райондук, облустук сынактарга катышып, өзүнүн таланты менен ийгиликтерди жаратып келет. «Жоокер ыры» облустук сынагында 1-орунду камсыз кылып, республикалык сынакта байгелүү орунга ээ болгон. Ал быйыл мектепти аяктап жатат. Келечекте атактуу ырчы болсом деген тилеги бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up