Ош билим берүү институтунун имараты талашка түштү (видео, фото)

Ош билим берүү институтунун имараты талашка түштү (видео, фото)

Билим АКИpress - Ош шаарында жайгашкан мугалимдердин Ош облустук билим берүү институтунун имараты талашка түштү. Институттун кызматкерлери 2 күндөн бери имаратты бошотуп койгула деген адамдар келип, кооптонуп жатышканын айтууда.

Институттагы кыргыз тил бөлмөсүн жетектеген Чынара Райимбекова мындай кырдаалды түшүнбөй жатканын айтат.

«Биз бир нече жылдан бери ушул жерде эмгектенип келсек да, Ош шаардын жетекчилиги тарабынан ишмердүүлүгүбүздү токтотууга аракеттер көрүлүп жатат. 16-май күнү да бизди чыгарууга аракет кылышты. Биз эмне себептен мындай кордукка же ушундай акыбалга келгенибизди өзүбүз түшүнбөйбүз. Биз аларга суроо менен кайрылып, бирок эч кандай жооп албадык. Эмнеге биздин мүлкүбүзгө тийип жатасыңар, чыгарууга ордериңер барбы десек, эч нерсе көргөзө алган жок. Жетекчилик менен сүйлөшөбүз деп айтылганы менен ага чейин ар кандай аракеттер көрүлүп жатат. Окууну токтотуп, буюмдарыбызды сыртка чыгарышты. Биз тоскоолдук көрсөтсөк, «биз каалаган күнү келип, имаратты жаап кетебиз, же болбосо терезеден ыргытабыз» деп жатышат. Биз аларга каршы сүйлөсөк, милиция чакырабыз дейт», - деди мугалим.

Институтта көп жылдан бери эмгектенген Низамидин Закиров имарат институт үчүн салынганын, бирок акыркы учурда талаш жаратып, окууга тоскоолдуктар болуп жатканын белгиледи.

«Имарат 1988-жылы салынган. Атайын институттун жатаканасы бардык шарты менен курулган болчу. Ал убакта Рудаки мектеби дагы жок эле. Мектеп кийин көчүп келди. Мектепке бөлмөлөр жетишпей жатканда биз жатаканабызды бергенбиз. Эми минтип биздин имарат талашка түшүп отурат. Айрым эмеректерибизди сыртка чыгарып кетишти. Азыркы учурда Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунун ар аймагынан келген мугалимдер билим алып жаткан. Мындай кырдаалда мугалимдерге кантип сабак өтөбүз?», - дейт Н.Закиров.

Ош билим берүү институту шаардык мэриянын балансына Ош шаары облустан өзүнчө бөлүнгөндө өткөн. Кийин калаа жетекчилиги имаратты институтка ижарага берген.

Бул маселе боюнча Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан мугалимдер имаратка ижара акы төлөбөй же имаратты бошотпой жатканын белгилешти. Ал эми мекеменин жетекчиси Ашимжан Семетеев буларга токтолду.

«Ош билим берүү институту Рудаки мектебинин имаратында жайгашкан. Мектептин документтери мэриянын балансында турат. Мэриянын укуктуу бөлүгү биз болгондуктан, азыр биздин балансыбызда турат. Билим берүү институту буга чейин ижара төлөп келишкен. Институт имаратка 2 млн сом акы төлөшү керек. Бирок булардын мугалим экендигин эске алып, бөлмөлөрдү гана эсептеп, жылына 1 млн сом деп эсептеп чыкканбыз.

2016-жылы иституттун директору шаардык кеңешке кайрылган. Шаардык кеңеш имараттын ижарасын азайтып, кыскарта алат. Алар кайрылганда айына 40 миң сомдон төлөгүлө деп чечим чыгарган. Бирок кийинки жылдан баштап толук төлөгүлө деген шарт койгон. 2017-жылы жаңы директор келип, мурдагы чечим ордунда калган. 2018-жыл келип, жаңы келишим түзөлү деп барганда алар шаардык кеңешке кайрылган. Шаардык кеңеш толук төлөгүлө деген шарт койду. Бирок биз менен келишим түзө элек. Биз кат менен кайрылып, имаратты бошотууну же акысын төлөп коюну сураганбыз.

Аларды сыртка кууп чыккандан алыспыз. Масалиев көчөсүндө жаңы мектеп курулуп жатат. Анын жанындагы азыркы имаратынан чоң имаратты сунуштаганбыз. Бекер эле жайгашсаңар болот деп айтылган. Аларга имарат жакканы тууралуу кат дагы бар. Бирок эмнегедир алар имараттан чыкпай жатышат», - деди А.Семетеев.

Ош билим берүү институту Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мугалимдердин билимин жогорулатуучу жалгыз мекеме болуп эсептелет. Мекемеде 38 мугалим, 10дон ашуун техник кызматкерлер эмгектенет. Институт Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып, аймактардан келген мугалимдерди акысыз окутат. Жыл сайын 2 миңден ашуун мугалим акыcыз билим алып, билимин жогорулатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up