Лейлектеги башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окушту (фото)

Лейлектеги башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окушту (фото)

Билим АКИpress - Лейлек районундагы мектептердин 4-класстарынын окуучулары арасында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун жана Лейлек районунун 90 жылдыгына карата китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Ага жалпы 29 мектептин 800гө жакын окуучусу катышты.

Сынактын финалында окуучулар ата-энелеринин жардамы менен колго жасалган китептерди калыстар тобунун назарына тартуулап, окуп түшүнүү көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн чыгармалардан үзүндү окуп, айтып беришти. Ошондой эле окуучулар Ч.Айтматов жана анын чыгармалары боюнча сүрөттөрдү тартышып, анын чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуу боюнча күч сынашып, концерт тартуулашты. Катышуучулардын өнөрлөрүн Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн, мектеп директорлорунан жана ата-энелерден турган калыстар тобу баалашты.

Окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүдөн тышкары, бул сынактын негизги максаттарынын бири — ата-энелерди тартуу жана балдардын китеп окууга кызыгуусун, китепти сүйүү сезимин бекемдөөдө алардын маанилүү ордун белгилөө.

«Бул иш-чарага катышкан ата-энелер балдарынын китеп окуу көндүмдөрүн мындан ары да өркүндөтүүгө жигердүү катышууга кызыккандыктарын белгилешти. Ата-энелер сабак учурунда балдарга китеп окуп берүү жана үйдө биргелешип китеп окуу учурунда колдоно турган көнүгүүлөрдү үйрөнүү үчүн тез-тез келип турушат», – деди Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстарынын методисти Муниса Жээналиева.

Иш-чара 1-4-класстагы окуучулардын базалык окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталып, бюджети 7,9 млн АКШ долларын түзгөн USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. Кыргыз Республикасы боюнча 900 мектепти камтып, 8 миңден ашуун мугалим жана билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн китеп окууну үйрөтүүдөгү алдыңкы дүйнөлүк тажрыйба боюнча тренингдерди өткөрөт. Ошондой эле долбоор окуучуларды жаш курагына жана окуган жылына жараша кошумча окуу материалдары сыяктуу түрдүү жана сапаттуу ресурстар менен камсыздап, ата-энелерди жана коомчулукту окуучулардын окурмандык компетенттүүлүгүн жогорулатууга катышууга тартат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up